«Иннопром»: Адылбек Касымалиев Кыргызстан жаңы долбоорлорго даяр экенин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясына болгон сапарынын алкагында Екатеринбург шаарында өткөн «Иннопром» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстан экономиканын стратегиялык маанилүү тармактарында кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Касымалиев белгилегендей, «Иннопром» өткөрүлүп келе жаткан жылдар аралыгында өнөр жайды өнүктүрүү жана узак мөөнөттүү экономикалык өнөктөштүктү өркүндөтүү маселелерин талкуулоочу алдыңкы эл аралык аянтчалардын бирине айланды.

Анын айтымында, көргөзмөдө Кыргызстан экономиканын түрдүү тармактарындагы ишканалардын башын бириктирген улуттук экспозициясын көрсөтүүдө.
Минкаб башчысы республика жаңы демилгелер үчүн ачык экенин жана көргөзмөгө катышып жаткан бардык өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Артыкчылыктуу багыттардын катарында ал энергетика, геологиялык чалгындоо, минералдык ресурстарды казып алуу жана кайра иштетүү, ошондой эле текстиль өнөр жайы, агроөнөр жай комплекси, фармацевтика, машина куруу, курулуш материалдарын өндүрүү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагындагы биргелешкен долбоорлорду атады.
Касымалиев ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы өнөр жай кооперациясынын маанисин баса белгиледи. Анын айтымында, 2025-жылдын аягына чейин Кыргызстандын биримдикке мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын көлөмү дээрлик 6 миллиард долларга жетет, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 7,7%га көп.

Сөзүнүн аягында Министрлер кабинетинин башчысы биргелешкен күч-аракеттерди жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүштү локалдаштырууга (жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырууга) жана өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө жумшоого чакырды.