Олимпиада: Акжол Махмудовдун дагы эки атаандашы аныкталды

Олимпиада: Акжол Махмудовдун дагы эки атаандашы аныкталды

Кыргызстандык грек-рим балбаны Акжол Махмудовдун (77 кг) Олимпиада оюндарындагы дагы эки атаандашынын аты белгилүү болду.

Бакуда 5-7-апрелде Европадагы Олимпиадалык лицензиялык мелдеш өттү. Анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча балбандар Олимпиаданын жолдомосу үчүн ат салышты. Спортчулар ар бир салмакта экиден лицензия алды.

Аталган турнирде Махмудовдун Олимпиададагы эки атаандашы аныкталды. Грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта Европага бөлүнгөн 2 лицензиянын бирин түркиялык Бурхан Акбудак, дагы бирин финляндиялык Жонни Сарккинен алды.

Жонни Сарккинен жана Бурхан Акбудак

Лицензия алгандар (77 кг):

1. Кыргызстан — Акжол Махмудов (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2020-жыл), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022,2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2018), Азиянын үч жолку чемиону (2018, 2022, 2023-жыл)

2. Азербайжан — Санан Сулейманов (эки жолу дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан (2021, 2023-жыл), Европанын чемпиону (2020-жыл) жана эки ирет коло байгесин тагынган (2021, 2022-жыл)

3. Армения — Малхас Амоян (дүйнө чемпиону (2021-жыл) жана эки жолу коло байгесин уткан (2022, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл) жана бир жолу күмүш байгесине татыган (2021-жыл)

4. Япония — Нао Кусака (дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2023-жыл)

5. Өзбекстан — Арам Варданян (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2019-жыл), Азия чемпионатында эки ирет коло тагынган (2016, 2018-жыл)

6. Куба — Пена Флорес Йосванис (Пан-Америка чемпионатын үч ирет уткан (2019, 2020, 2022-жыл) жана күмүш (2023-жыл) менен коло (2024-жыл) байгелерин тагынган, Пан-Америка оюндарында эки жолу колого татыган (2019, 2023-жыл)

7. Колумбия — Куэро Муноз Алексис (Пан-Америка чемпионатын бир ирет жеңген (2024-жыл), бир жолу күмүш (2018-жыл) эки жолу коло (2019, 2023-жыл) медалын уткан, Пан-Америка оюндарында эки ирет коло тагынган (2014, 2019-жыл), Түштүк Америка оюндарында бир жолу алтынга татыган (2022-жыл)

8. Алжир — Элкрим Уакали (Африканын үч жолку чемпиону (2020, 2022, 2023-жыл), үч ирет күмүш байгесин уткан (2012, 2014, 2019-жыл), Африка оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү (2019, 2024-жыл), Араб оюндарын бир ирет жеңген (2023-жыл)

9. Египет — Махмуд Халед Абделрахман (Африка оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2024-жыл)

10. Түркия – Бурхан Акбудак (дүйнө чемпиону (2022-жыл), бир жолу күмүш уткан (2021-жыл), Европанын чемпиону (2023-жыл), бир ирет коло байгелүү болгон (2022-жыл)

11. Финляндия – Жонни Сарккинен (23 жашка чейинки балбандар арасында Европа чемпиону (2023-жыл)

Учурда Махмудовдун Олимпиададагы 10 атаандашы белгилүү болду. Дагы экөө Бишкектеги Азиялык жана үчөө Стамбулдагы дүйнөлүк лицензиялык мелдеште аныкталат. Олимпиада оюндарында ар бир салмакта 16дан спортчу күч сынашат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>