Мамлекеттик банктар санкциялык тобокелдиги бар 284 ишкана менен кызматташууну токтотту«Тамчы» СФИТи Гонконгдо NextFinance демилгесин тааныштырдыТоварлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтырууга 36,6 млрд сом талап кылынатМанас шаарынын 149 жылдыгы белгилендиӨлкөдө күн ачык болот: 6-ноябрга карата аба ырайынын божомолуКыргызстандын элчилиги Орусия ТИМине нота жөнөттү: кыргызстандык алдамчылыкка кабылган
Мыктыбек Оролбай уулу UFCде швециялык Жек Херманссон менен беттешет
29.09.2025 | 13:48

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу Мушкерлердин абсолюттук чемпионат (UFC) уюмунун кезектеги беттешин швециялык Жек Херманссон менен өткөрөт. Бул тууралуу мушкер өзү соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Бул беттеш эки мушкердин алгачкы жолугушуусу болот. Мыктыбек Оролбай уулу буга чейин Азербайжандагы UFC турниринде кыргызстандык Тофик Мусаевди биринчи раундда жеңген. Учурда анын UFC уюмунда эки жеңиши жана бир жеңилүүсү бар.
Беттеш 22-ноябрда, Катардын Доха шаарында UFC Fight Night турниринин алкагында өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт