Израилде 6 туткун кашык менен туннель казып, түрмөдөн качып кетти

Израилде 6 туткун кашык менен туннель казып, түрмөдөн качып кетти

Израиль бийлиги Гильбоа түрмөсүнөн качып кеткен алты палестиналык туткунду издөөдө.

Соттолгондор бир нече ай бою өздөрү отурган камерадан кашык менен өтмөк казып чыгышкан.

Качкындардын арасында «Аль-Акса бригадасынын» лидери Захария Збейди бар. Ал бир нече Израиль жаранын өлтүрүүгө айыпталган. Калган бешөө – “Ислам жихады” кыймылынын мүчөсү. Алардын баары өмүр бою түрмө жазасына кесилген.

«Шин Бет» коопсуздук кызматы алар түрмөгө мыйзамсыз киргизилген мобилдик телефон аркылуу тыштагы кишилер менен байланышта болгон деп эсептейт. Өтмөктөн алыс эмес жерде туткундарды автоунаа күтүп турганы болжолдонууда.

Ушул тапта Израилде качкындарды кармоо операциясы жүрүп жатат. Бийлик алар Иорданияга өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонууда. Себеби казылган өтмөк Иордания менен чек арадан 14 чакырым аралыкта жайгашкан.

ХАМАС өкүлдөрү туткундардын качышын “чоң жеңиш” деп маалымдады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>