Эми кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышат

18.09.2026 | 17:08
Кыргызстандыктар Түштүк Кореяга EPS системасы аркылуу ишке орношо алышат — Новости Кыргызстана

Эми Кыргызстандын жарандары Түштүк Кореяга жумушка уруксат берүү (EPS) системасы алкагында жумушка орношо алышат. Жумушка орноштуруу боюнча меморандум Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Кореянын Эмгек жана жумуштуулук министрлиги ортосунда кабыл алынды.

Документ кыргызстандыктарды кореялык эмгек рыногунда мыйзамдуу жана коопсуз жумушка орноштуруу үчүн уюштуруучулук жана укуктук негиз түзөт. Меморандум жарандардын тандоо жол-жоболоруна катышуусун, анын ичинде корей тили боюнча экзаменди (EPS-TOPIK) тапшыруу тартибин жөнгө салат.

Ошондой эле макулдашуу эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана эмгектенип жаткан жарандарды укуктук коргоо боюнча кызматташуусун карайт.

Маалымат үчүн: EPS (Employment Permit System) системасы — бул Түштүк Кореянын чет өлкөлүк жарандарга эмгек визасы менен мыйзамдуу түрдө жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берген расмий мамлекеттик программасы. Программа чет өлкөлүк жарандарга Кореяда мыйзамдуу жана укуктук жактан корголгон шартта иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү максатында түзүлгөн.

Scroll to Top