КМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталды
Кара-Сууда заводдон чыккан чаң айылды каптап жатат. Тургундар маселени чечип берүүнү суранышууда
21.09.2026 | 11:45

Оштун Кара-Суу районуна караштуу Ленин-Бак айылын ага жакын жайгашкан заводдон чыккан чаң каптап жатат. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары «Элдик репортёрго» билдирип, көйгөйдү чечип берүүнү өтүнүшүүдө.
Маалыматка ылайык, айылдын үстү жагында шагыл, асфальт өндүрүүчү жана таш талкалоочу заводдор жайгашкан. Жашоочулар ишканалар техникалык жана санитардык эрежелерди сактабастан иштеп, алардан чыккан чаң менен жыт айылды каптап жатканын айтып, даттанууда. Айыл тургундары бул көйгөйдү тиешелүү органдардан бул маселени карап, чечип берүүнү суранышты.
Эгер сизде биз үчүн жаңылык бар болсо, аны «Элдик репортёрдун» WhatsApp же Telegram’дагы төмөнкү номуруна жиберсеңиз болот: +996 995 232 413
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кара-Суу району