16-сентябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу

16.09.2026 | 09:00
16-сентябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолу — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 16-сентябрда, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде, Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош жана Жалал-Абад облустарынын өрөөндүү аймактарында, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы билдирди.

  • Чүй облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 27…29°C;
  • Талас облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 22…27°C;
  • Ош облусунда ​түнкүсүн 13…18°C, күндүз 28…33°C;
  • Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 13…18°C, күндүз 28…33°C;
  • Баткен облусунда ​түнкүсүн 13…18°C, күндүз 28…33°C;
  • Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12°C, күндүз 17…22°C;
  • Нарын облусунда түнкүсүн 4…9°C, күндүз 22…27°C болот;
  • Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 13…15°C, күндүз 27…29°C болот.
Scroll to Top