Бишкектеги “Империи пиццы” кафесинен тамактан уулангандардын саны 85ге жетти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жабырлануучулардын баары “Темир жол” мамлекеттик ишканасынын бейтапканасына кайрылган. Алардын бири ооруканада жатат. Учурда абалы туруктуу. Ал эми калгандары үйлөрүндө дарыланып жатат.
Уулангандар бир эле тамактануучу жайдан эмес “Империи пиццы” кафесинин башка филиалдарынан ууланганын министрликтен такталды.