Сурабалдиева: Кыргызстанда психологиялык жардам көрсөтүүнү жөнгө салган мыйзам жок

22.06.2026 | 23:01
Сурабалдиева: Кыргызстанда психологиялык жардам көрсөтүүнү жөнгө салган мыйзам жок — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда психологдордун ишмердүүлүгүн жана калкка психологиялык жардам көрсөтүү маселелерин жөнгө салган бирдиктүү укуктук база бүгүнкү күнгө чейин жок. Ошол эле учурда зомбулук, өзгөчө кырдаалдар, үй-бүлөлүк чыр-чатактар, миграция жана башка турмуштук кыйынчылыктардын фонунда мындай жардамга болгон муктаждык өсүүдө.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева «Кыргыз Республикасында психологиялык ишмердүүлүк жана психологиялык жардам жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу маселесине арналган консультациялык жолугушууда билдирди.

Депутаттын айтымында, учурда психологиялык жардам саламаттык сактоо, билим берүү жана социалдык коргоо системаларында, ошондой эле ички иштер органдарында, Коргоо министрлигинде, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде, пробация органдарында, кризистик борборлордо, коомдук уюмдарда жана жеке практикада көрсөтүлүп келет. Бирок психологиялык ишмердүүлүккө байланышкан маселелер ар кандай мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын айрым жоболору менен гана жөнгө салынат.

«Бүгүнкү күндө бул маселелер ар кандай мыйзамдардын жана мыйзам алдындагы актылардын айрым нормалары менен жөнгө салынууда. Бирок бирдиктүү система азырынча жок. Ошондуктан бул багыт боюнча өзүнчө мыйзам иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо демилгеси көтөрүлдү», — деди Сурабалдиева.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар келечектеги мыйзам долбоорунун негизги концепциялык багыттарын жана аны андан ары өркүндөтүү маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, психологиялык жардам менен психиатриялык ишмердүүлүктүн айырмачылыгын аныктоо, психологдун макамын белгилөө, балдардын жана үй-бүлөлөрдүн сапаттуу психологиялык жардам алуу укуктарын камсыз кылуу, купуялуулук жана психологиялык сыр принциптерин сактоо, ошондой эле көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатынын бирдиктүү стандарттарын киргизүү маселелери көтөрүлдү.

Мындан тышкары, бул тармакты укуктук жөнгө салуу боюнча эл аралык тажрыйбага өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар КМШ өлкөлөрүнүн айрымдарында тиешелүү мыйзамдар кабыл алынганын же иштелип чыгып жатканын белгилешти.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдардын, кесиптик коомчулуктун, жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган демилгелүү жумушчу топ түзүлдү. Ал келип түшкөн сунуштарды жана рекомендацияларды эске алуу менен мыйзам долбоорун даярдоо жана өркүндөтүү иштерин улантат.

Scroll to Top