Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Кайра шайлоо: БШК Сурабалдиевага депутаттык күбөлүктү тапшырды
11.03.2022 | 17:05
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиевага күбөлүк жана төш белги тапшырды.
БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарды. Свердлов району боюнча жыйынтык чыга элек.
Борбордук шайлоо комиссиясы Свердлов округда көпчүлүк добушка ээ болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевди каттоону жокко чыгарды.
27-февралда Бишкекте бир мандаттуу эки округда шайлоо өттү.
Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Элвира Сурабалдиева көпчүлүк добушка ээ болду – 47,97 пайыз. Свердлов районундагы шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңген. Ага шайлоочулардын 19,52 пайызы добуш берген. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы бул округ боюнча акыркы жыйынтыктарды чыгара элек.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат