Өспүрүм жана баңгизат: жүрүм-турумундагы кайсы өзгөрүүлөргө көңүл буруу керек?

Ата-энелер өспүрүмдүн жүрүм-турумундагы кескин өзгөрүүлөргө кылдат мамиле кылышы керек, анткени алардын айрымдары баңгизат колдонуунун белгиси болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.
Адистер мүмкүн болгон белгилердин катарына маанайдын күтүүсүздөн өзгөрүп турушун — өтө шайырдыктан кайдыгерликке (апатияга) жана уйкучулукка чейин, табиттин бузулушун, көнүмүш иштерге кызыгуунун жоголушун, сабактан калууну, жетишүүнүн начарлашын жана мугалимдер менен чыр-чатактарды белгилешет.
Ошондой эле түнттүк, сүйлөшүүдөн качуу, ачуулануу жана агрессиянын күчөшү, достордун чөйрөсүнүн кескин өзгөрүшү жана өзүнөн улуу достордун пайда болушу ата-энени кооптондурушу керек.
Себепсиз кечигүүлөргө, үйгө кеч келүүгө же үйдөн сырткары түнөп калууга, калп айтууга, баалуу буюмдардын жоголушуна, жашыруун телефон менен сүйлөшүүлөргө, күтүүсүздөн үйдөн чыгып кетүүлөргө жана акчаны бат-баттан суроого да көңүл буруу сунушталат. Мүмкүн болгон белгилердин арасында бөлмөнү тез-тез желдетүү жана жыпар жыттуу заттарды (ароматизаторлорду) колдонуу да айтылат.
Эгер өспүрүмдүн баңгизат колдонуп жатканы аныкталса, адистер маселеге кайдыгер карабай, ал өзүнөн-өзү өтүп кетет деп күтпөөнү эскертишет.
Ата-энелерге сабырдуулукту сактап, эмне болуп жатканын түшүнүүгө аракет кылуу жана балага колдоо көрсөтүү, ошол эле учурда баңгизат колдонууга жол берилбей турганын так түшүндүрүү сунушталат.
Өспүрүм заттын таасири астында турганда олуттуу сүйлөшүүнү баштоого, көйгөйдү жеңил баалоого, анын жүрүм-турумун актоого же толугу менен өзүн күнөөлөөгө болбойт. Адистер ошондой эле өспүрүмдүн «баарын көзөмөлдөп жатам» деген сөзүнө ишенбөөнү жана бул кырдаалды жакындарынан жашырбоону кеңеш беришет.
Мындай маселе жаралган учурда ата-энелерге адистердин кесипкөй жардамына кайрылуу сунушталат.