Касымалиев кызматын аткарып жатып каза болгон куткаруучунун үй-бүлөсүнө батирдин ачкычын тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кызматтык милдетин аткарып жатып каза болгон Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лейтенанты Аскар Казыбековдун жубайы Самара Равшан кызы менен жолукту.
Минкабдын маалыматында, маркумдун жубайына Бишкек шаарынан эки бөлмөлүү батирдин документтерин жана ачкычын тапшырган. Ошондой эле ага терең кайгыруу менен көңүл айтып, мамлекет анын үй-бүлөсүнө зарыл болгон колдоону көрсөтөрүн белгилеген.
Лейтенант Аскар Казыбеков ӨКМге караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди жүргүзүү борборунун терең сууга түшүүчү куткаруучу-суучулдар станциясынын башчысы кызматын аркалап келген. Ал ушул жылдын 27-июнунда Талас облусунда сууга түшүп кеткен өспүрүмдү издөө-куткаруу иштерин аткарып жатып каза болгон.
Жакында эле президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Аскар Казыбековго кызматтык милдетин аткарууда көрсөткөн иш-аракети үчүн каза болгондон кийин «Эрдик» ордени ыйгарылды.