Окуучулардын медициналык маалым каттары санариптешти: ата-энелер эмнени билиши керек

18.09.2026 | 15:24
Окуучулардын медициналык маалым каттары санариптешти: ата-энелер эмнени билиши керек — Новости Кыргызстана

Окуучулардын 095/у жана 026/у формасындагы медициналык маалым каттары электрондук түргө өткөрүлдү. Агартуу министрлиги, ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр аталган документтерди билим берүү мекемелерине тапшырып жатканда эмнелерди эске алышы керектигин маалымдады.

Маалыматка ылайык, ден соолугуна байланыштуу сабактан бошотулгандыгын тастыктаган 095/у формасы 2026-жылдын 24-августунан тартып электрондук түрдө гана таризделет. Билим берүү уюмдары анын кагаз түрүндөгү нускасын талап кылбоого тийиш.

Ал эми баланын ден соолугунун абалы жана медициналык кароолордун жыйынтыктары тууралуу 026/у формасы 2027-жылдын 1-январына чейин кагаз жана электрондук түрдө берилет. Электрондук формасы бар болсо, анын кагаз түрүндөгү нускасын талап кылуунун зарылдыгы жок.

Белгилей кетсек, аталган медициналык формалар Агартуу министрлигинин маалыматтык системалары менен байланыштырылып, «Түндүк» мобилдик тиркемесине киргизилген.

Scroll to Top