Кайсы күнү жаан, кар жаайт? 7-мартка чейинки аба ырайы

Кайсы күнү жаан, кар жаайт? 7-мартка чейинки аба ырайы

Кыргызгидромет кызматы Кыргызстандын аймагында 7-мартка чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

4-6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаары

4-6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Талас облусу

4-6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ош облусу

4-6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.7-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Жалал-Абад облусу

4-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

6-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу раайондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен облусу

4-6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта түнкүсүн айрым жерлерде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз айрым жерлерде жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Ысык-Көл облусу

4-6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта күндүз айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.

Нарын облусу

4-6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-мартта күндүз айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>