Калыстар тартып койдубу? Бекжигит уулу лицензиялык мелдештин 1/8 финалында жеңилди (видео)

Калыстар тартып койдубу? Бекжигит уулу лицензиялык мелдештин 1/8 финалында жеңилди (видео)

Кыргызстандык боксчулар Италиядагы Дүйнөлүк биринчи квалификациялык мелдеште Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия ала алган жок.

Бул мелдешке Кыргызстандан 7 спортчу барып, алардын ичинен 2 мушкер 1/8 финалга чейин жеткен. Бирок 71 кг салмакта күч сынашкан Сыргак Абдыжапар уулу жана 80 кг салмакта Өмүрбек Бекжигит уулу чейрек финалга өтө албай, мелдештен четтеди.

Ошол эле учурда Өмүрбек Бекжигит уулунун 1/8 финалдагы бетттешинде калыстардын ишине суроо жаралды. Себиби алар кыргызстандык мшукердин атаандашы болгон түркиялык Каан Айкутсунга тартып койгондой түр калтырды.

Калыстардын ишине спорттук журналист Тахир Гафуров да нааразылыгын билдирди.

«Олимпиадалык бокс тууралуу биле турган нерсе ушул. Калыстардын ою боюнча кыргызстандык Өмүрбек Бекжигит уулу Олимпиадалык квалификаицляык мелдеште чейрек финалга чыгуу үчүн түркиялык Каан Айкутсунга жеңилиптир. Эми өзүңүздөр баам салыңыздар», — деген спорттук журналист беттештин видеосу менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, бул лицензиялык мелдеште эркектер арасындагы таймашта мушкерлерге ар бир салмакта Олимпиадага төрттөн жолдомо берилет. Лицензияны жарым финалга өткөн 4 спортчу алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>