Камактагы дептутат Осмонбек Артыкбаевдин туугандары Башкы прокуратуранын эсебине 100 миллион сом которду

Камактагы дептутат Осмонбек Артыкбаевдин туугандары Башкы прокуратуранын эсебине 100 миллион сом которду

Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке айыпталып жаткан мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин туугандары Башкы прокуратуранын бирдиктүү эсебине 100 миллион сом которду.

Бул маалматты Артыкбаевдин туугандарына таянып Kaktus.media басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына караганда, бул сумма «Электр станциялары» ачык акционердик коому кытайдын «Эксимбанкынан» алган кредитти жабууга деп которулган.

Экс-министрдин туугандары бул кадамды мамлекеттик айыптоочулар эске алат деп үмүт кылышат.

Аталган маалматты Башкы прокуратурага байланышып, тактоо аракетибизден майнап чыкпады. 

Айта кетсек, Бишкек ЖЭБин оңдоогоду коррупциялык иштер боюнча шектүү катары Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков,  Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сыяктуу бир катар мурдагы мамлекеттик кызматкерлер УКМКнын тергөө абагында отурушат.

Алардын баарына «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген айыптар тагылган.

Айыпталуучулар өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>