Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди

31.08.2026 | 17:01
Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга келди — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 31-августта, Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Ал Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына, «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле анын бул сапарынын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, эки өлкө ортосундагы документтерге кол коюлушу пландалууда.

Шахбаз Шариф «Манас» эл аралык аэропортунан КРдин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Белгилей кетсек, 31-августта жана 1-сентябрда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата саммит өтөт. Жогорку деңгээлдеги иш-чара Кыргызстандын уюмга төрагалык кылган убакта өтүүдө.

Scroll to Top