Камактагыларга мунапыс берүү сунушу биринчи окуудан өттү

Камактагыларга мунапыс берүү сунушу биринчи окуудан өттү

Бүгүн, 5-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана адам укуктарынын Жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Коргонбай уулу Жусупбек тарабынан демилгеленген.

Коргонбай уулу Жусупбек белгилегендей, мыйзам долбоору менен анча оор эмес жана оор кылмыштар үчүн соттолгон тѳмѳнкү адамдарды эркиндигинен ажыратуу түрүндѳгү жазык жазадан бошотуу сунушталат: 60 жаштан ашкан эркектерди жана ошондой эле 55 жаштан ашкан аялдарды; ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды; жашы жетелек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды.

Муну менен катар, анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды; жалгыз бой эне болуп саналган аялдарды; көп балалуу аялдарды; ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазасынын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан аз мөөнөттү түзгөн аялдарды жана жашы жетелектерди бошотуу сунушталат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>