Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы аныкталды

Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы аныкталды

Бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаарында 2022-2023-окуу жылындагы «Мыкты мугалим», «Мыкты тарбиячы» жана «Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүчү мыкты мугалим» наамдарына талапкерлердин сынагынын республикалык этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Сынак жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземине, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркул Кендирбаева жана билим берүү тармагынын кызматкерлери катышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов мугалимдерди кесиптик майрамы –билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, мугалимдик кесиптин ардактуулугун, ошол эле учурда аларга татыктуу келечек муунду тарбиялоодо чоң жоопкерчилик артылгандыгын белгиледи.

Эдил Байсалов 2022-2023-окуу жылынын “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты тарбиячысы” жана “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектерди жана сыйлыктарды тапшырды.

Республикалык сынакта 1-орунга ээ болгон төмөнкү мугалимдерге акчалай сыйлык, Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы жана диплому тапшырылды:

— Ош шаарынын № 37 Гапар Айтиев атындагы орто мектебинин англис тил мугалими Эльнура Алекова – “Жылдын мыкты мугалими” республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген;

— Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун №11 “Ак-кеме” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы Таттыбүбү Мамбеткулова –“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген;

— Баткен облусунун Лейлек районундагы “Баластан” балдар билим берүү, чыгармачылык борборунун мугалими Баходир Ишанкулов – “Мектептен тышкаркы кошумча билим берүүнүн мыкты мугалими” республикалык конкурсунда 1-орунду ээлеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>