Камчыбек Ташиев Таласта УКМКнын жаңы имаратын ачты — сүрөт

Камчыбек Ташиев Таласта УКМКнын жаңы имаратын ачты — сүрөт

Бүгүн, 21-ноябрда УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ачылыш аземге УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, облус башчысы Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун акими Бектур Сагымбаев, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

Ташиев кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын бардык облус, райондору боюнча УКМК кызматкерлерине шарттар түзүлүп жатканын, кызматтык милдеттерди так аткаруу зарылдыгын эскертти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>