КРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТ

27.10.2026 | 17:28
КРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТ — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 27-октябрда бир суткалык электр энергиясын керектөө 64 миллион 318 миң киловатт-саатка жетти. Бул күз мезгилинде катталган эң жогорку көрсөткүч экенин «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын (КУЭТ) басма сөз кызматы билдирди.

Ишкананын маалыматына ылайык, өткөн жылдын ушул күнүндө керектөө 47 миллион 869 миң киловатт-саатты түзгөн. Ошентип, бир жылдын ичинде суткалык электр энергиясын сарптоо 16 миллион 449 миң киловатт-саатка же болжол менен 34%га өскөн.

КУЭТ мындай керектөө көлөмү адатта кыш мезгилинде гана байкаларына көңүл бурду.

«Мисалы, эң суук айлардын бири эсептелген декабрда суткалык электр энергиясын сарптоо 66 миллион киловатт-саатка жана андан жогору чекке жетет. Бирок быйыл октябрь айынын аягында эле керектөө кышкы көрсөткүчтөргө жакындап калды», — деп айтылат маалыматта.

Ишкана мындай кескин өсүштүн негизги себеби катары аба ырайынын суукташын атады. Күн сууктагандан бери өлкө тургундары үйлөрдү жылытуу үчүн электр жылыткычтарын жана башка шаймандарды активдүү колдоно башташты.

Натыйжада электр тармактарына, трансформаторлорго жана башка энергетикалык жабдууларга күч келүүдө. Айрыкча эртең менен жана кечки убактарда, көпчүлүк керектөөчүлөр тиричилик техникаларын жана жылытуучу шаймандарды бир убакта иштеткенде жүктөм кескин жогорулайт.

КУЭТтин адистери электр тармактарынын абалын күнү-түнү көзөмөлдөп, жогорку жүктөм шартында алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыздап жатканын билдирди.

Ошол эле учурда энергетиктер өлкө жашоочуларын, өзгөчө электр энергиясы эң көп керектелген маалдарда аны сарамжалдуу пайдаланууга чакырышат. Атап айтканда, тармактарга ашыкча күч келтирбөө үчүн керектөөчүлөргө бир эле мезгилде бир нече кубаттуу электр шаймандарын иштетпей, аларды мүмкүн болушунча кезектешип колдонуу сунушталат.

Ишкана бул жерде кадимки тиричилик ыңгайлуулуктарынан баш тартуу же электр энергиясын пайдаланууну чектөө жөнүндө сөз болбогонун баса белгилейт. Көп энергия талап кылган техникаларды кезектешип иштетүү сыяктуу жөнөкөй эле чаралар өлкөнүн энергетикалык системасына бир учурда түшкөн күчтү азайтууга чоң жардам берет.
Scroll to Top