Камчыбек Ташиев тууну өзгөртүү демилгеси боюнча үн катты

Камчыбек Ташиев тууну өзгөртүү демилгеси боюнча үн катты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына пост жазып, Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси боюнча оюн билдирди.

Анын айтымында, ал тууну өзгөртүүнү колдойт.

«Эки күндөн бери туубузду өзгөртсөк болобу же болбойбу деп талкуулап жатасыздар, менин пикирим боюнча өзгөртүшүбүз керек! Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек күн карама болбостон, тике тийген күндөй жаркыраган белги берилиш керек. Мен мамлекетибиздин туусун өзгөрткөндү колдоймун.

Күндүн нурундай жаркыраган туубуздун алдында бир муштумдай бирдиктүү бололу!», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, тууну өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примовдун көтөрүп чыккан. Алар бул үчүн мыйзам долбоорун да даярдаган. Эки депутат Кыргызстандын туусундагы түндүк менен толкун сымал күндүн нурларынын айкалышын күн караманын гүлүнө же бөз үйдүн сырткы көрүнүшүнө салыштырган чечмелөөлөр бар экенин билдирип, күндүн нурларын түз кылып өзгөртүү сунуштаган.

25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүүнү каалагандарды сынга алып, туудагы түндүк менен күндүн нурларын күн карама деп жаткан адамдардын өздөрүн «күн карама» деп атаган.

Тууну өзгөртүү боюнча президент Садыр Жапаров да оюн билдирип, депутаттардын демилгесин колдой турганын билдирген.

Туунун автору: Туунун түп нуска үлгүсү революция учурунда өрттөнүп кеткен

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>