Садыр Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси боюнча өз оюн айтты

Садыр Жапаров тууну өзгөртүү демилгеси боюнча өз оюн айтты

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси боюнча өз пикирин билдирди. Ал «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде бул идеяны колдой турганын айткан.

Текст өзгөртүүсүз берилет.

— Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүштү. Учурда бул маселе социалдык тармактарда талкуу, талаш-тартышты жараткан темалардын бирине айланды. Адаттагыдай жактагандар да, каршы болгондор да бар. Бул маселеге сиздин пикир кандай?

— Ооба, мамлекетибиздин туусу боюнча депутаттардын демилгеси тууралуу барыбыз кабардар болбодукпу. Негизи мен бул идеяны колдоймун.

Буга чейин эле коомчулукта азыркы туубузду күн карамага окшоштурган, андан улам мамлекетибиз өз алдынча көтөрүлө албай, күн карама абалында болуп келетат деген пикирлер арбын айтылып келген. Ал тургай, өлкөбүзгө расмий иш сапары менен келип, туубузду көрүп, бул өлкөдө күн карама көп өстүрүлөт турбайбы деген ойдо калган чет элдик меймандар дагы болгон.

Эми чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген.

Депутаттардын демилгесине келсек. Жакшылап, маани бере турган болсок, алар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону эл сөз кылып келген күн карамадай болуп калган күн нурларын оңдоп коелу деген ой менен чыгып жатышат.

Ачык эле айтып коеюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги күн нурлары эми чындап окшошуптур.

Эми ушул вариант Кудай буюруп кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот (күлүп). Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн күн бизге шооласын чачып турган сымал, эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз деп жакшы ниет кылалы.

«Өздөрү күн карама». Депутат тууну өзгөртүүнү каалагандарды сындады (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>