«Өздөрү күн карама». Депутат тууну өзгөртүүнү каалагандарды сындады (видео)

«Өздөрү күн карама». Депутат тууну өзгөртүүнү каалагандарды сындады (видео)

Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо тууну өзгөртүүнү демилгелеген депутаттар Нурлан Шакиев менен Уланы Примовду оюнунан кайтууга чакырды.

Ал тууну өзгөртүүгө эл каршы экенин айтты.

«Бүгүнкү күнү коомдо желегибизди өзгөртүү жөнүндө сөз болуп жатат. Дээрлик көпчүлүк ага каршы болуп жатканын айтып коеюн. Биз желектен башка маселе менен алектенели. Желегизибизге, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле коелучу.

Бул (туудагы түндүк жана нурлары — ред.) деген оттун, жалындын, нурдун белгиси. Эгер биз арбайтып-тарбайтып койсок, ал орусчасы лопух, кыргызча уйгак болуп калат», — деди ал.

Тууну өзгөртүүнү демилгелеп чыккан төрага Нурлан Шакиев кесиптешине жооп кылып, тууга жаңы элементтер киргизилбей турганын, баштапкы вариантына алып келине турганын айтты.

«Туу өзгөрбөйт, эч кандай жаңы элементтер болбойт. Биз авторлор менен жолуктук, алар «баштапкы тууну тааныбай калдык, мындай эмес болчу» деп жатышат. Түндүк кандай турганын да азыр көрүңүз (Мирлан Самыйкожого – ред.), сиз кыргыздын элементтерин жакшы билесиз. Таптакыр башкача. Биз баштапкы калыбына түздөп, алып келип коелу деп жатабыз.

Сиз азыр туудагы түндүктү караңызчы, түндүккө окшойбу? Күндүн нурларын караңыз. Мунун баарын авторлор айтып жатат», — деди Шакиев.

Андан кийин Мирлан Самыйкожо сөз алып: «Ар бир нерсенин туурасы болсо, тууралап коюу милдет. Бирок Эгемендик алгандан бери туура эмес туунун алдында турабызбы?», — деп суроо салды.

Шакиев «ошондой» деп жооп берди.

Мирлан Самыйкожо туудагы түндүк менен күндүн нурларын күн карама деп жаткан адамдардын өздөрүн «күн карама» деп атады.

«Андай эмес. Урматтуу төрага, ким күн карама деп жатса, ошолор өздөрү «күн карама». Күн тийген жердин күкүгүнө айланып, жетим көпөлөктөй ар кайсы жерди айланып, ким эмне десе, ошонун айдагына айдалып, байрагына байланып келгендер ошентип айта берет. Мага убакыт бериңиздер, мен даярданып, авторлор менен сүйлөшүп, туу жөнүндө талкуу кылалы», — деди ал.

Ал төрага баштаган депутаттарды коомчулуктун, элдин угууга чакырды.

Эскерте кетсек, тууну өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примовдун көтөрүп чыккан. Алар бул үчүн мыйзам долбоорун да даярдаган. Эки депутат Кыргызстандын туусундагы түндүк менен толкун сымал күндүн нурларынын айкалышын күн караманын гүлүнө же бөз үйдүн сырткы көрүнүшүнө салыштырган чечмелөөлөр бар экенин билдирип, күндүн нурларын түз кылып өзгөртүү сунуштаган.

Шакиев менен Примовдун тууну өзгөртүү демилгеси. Соцтармактардын реакциясы

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>