Камчыбек Ташиев жаңы алынган куралдарды көрдү

Камчыбек Ташиев жаңы алынган куралдарды көрдү

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Альфа» атайын кызматына барды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 23-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын «Альфа» атайын кызматында болуп, жалпы өздүк курамды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады.

Иш сапарынын жүрүшүндө, УКМКнын «Альфа» атайын кызматын УКМК төрагасы Ташиев бөлүктүн карамагына жаңыдан алынган куралдар менен да таанышып, жабдыктарды жана куралдардын күжүрмөн даярдыгын текшерди. Мындан тышкары, УКМКнын төрагасы, өлкөнүн жана ведомстволордун жетекчилиги тарабынан, бөлүктүн алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруу үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>