“Кана бүтүргөнүңүз?!”. Депутат менен транспорт министри кайым айтышты (видео)

“Кана бүтүргөнүңүз?!”. Депутат менен транспорт министри кайым айтышты (видео)

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев менен транспорт министри Тилек Текебаев камый айтышты.

Жыйында депутат Малиев министрге кайрылып, Тоң районунун үстүнкү өрөөнүндөгү жолду качан бүтүрөрү тууралуу сурады.

Министр “былтыр баштаган жолдорубузду быйыл бүтүрөбүз” деп жооп берди.

“Мен сизге ишенбей калдым. Сиз мага 3-4 жолу убада бердиңиз. Анын баары калп болуп чыкты”, — деди Малиев.

Депутаттын бул сөзү министрге жаккан жок. Ал: “Калп болгондо кандай?! Сиз айтканды иштеп, бүтүрдүк го. Иштеп келе жатабыз. Кыш болуп жетишпей калдык”, — деди.

“Кышка чейин бүтүрөм дегенсиз. Кана бүтүргөнүңүз?!”, — деп ачууланды депутат.

Текебаев жолду график менен жасап жатканын айтты.

“Анда “кышка чейин бүтүрөм” деп калп айтпагыла!”, — деди Малиев.

Министр ага жооп кылып, буга чейин депутат “эркекче, эркекче” деп айта берип айласын кетиргенин кыйытты.

“Сиз былтыр бүтүрө турган иштерди “быйыл көрөбүз” деп жатасыз”, — деди депутат.

“Бүтүрөбүз деп айтпадымбы!”, — деди ачуусу келген министр.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>