Кант шаары кышка толугу менен даяр

Кант шаары кышка толугу менен даяр

Кант жылуулук берүү ишканасы шаар тургундарын күз-кыш мезгилинде жылуулук менен камсыздоого толугу менен даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев жана “Кант жылуулук берүү ишканасынын” башчысы Нурдин Тагаев менен биргеликте Кант шаарын жылуулук менен тейлөөчү от казандарынын кышка даярдыгы менен таанышып чыкты.

Кант шаарын жалпысынан 10 отказаны тейлейт. Шаар мэриясынын бюджетинен 2 млн 300 миң сомго 2 жаңы отказаны орнотулуп, монтаждалган. Ошону менен катар эле 1 млн 700 миң сомго көмүр сактоочу кампа жаңыланды. Кант шаарынын мэриясы тарабынан 21 даана жылуулук эсептегич мамлекеттик стандарттан өткөрүлгөн. Шаарды жылытуу үчүн көмүр, газ жана мазут колдонулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>