Казакстанда кыргыз ишкерлеринин жүгү эки жылдан бери кармалып турат — депутат

Казакстанда кыргыз ишкерлеринин жүгү эки жылдан бери кармалып турат — депутат

Казакстанда кыргызстандык ишкерлердин жүктөрү эки жылдан бери чыгарылбай, кармалып турат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Отурумда Атазов Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдон кыргыз-казак чек арасында кыргызстандык жүк ташуучу унаалар кезекте туруп калган учурлар көп болорун, азыр абал кандай экенин сурады.

«Азыр деле ал көрүнүштөр кайталанып жатат. Жок деп айтууга болбойт. Чакырымдап кезектерге туруп калып жатышат», — деди Исабеков.

Андан кийин Атазов Казакстандагы кампаларда кыргызстандык ишкерлердин жүктөрү чыгарылбай, кармалып турганы жөнүндө сөз кылды. Анын айтымында, айрым ишкерлердин 100 миңдеген доллар турган жүктөрү кармалып турат.

Исабеков бул маселени чечүү үчүн иш алынып барып жатканын билдирди.

«Кампаларда жүктөр турат. Андан тышкары, Алтынкөлдө (жүк станциясы — ред.) контейнерлер менен жүктөрү эки жылдан бери кармалып турат. Алар боюнча иш алынып барууда. Быйыл март айында Казакстандын мамлекеттик кирешелер комитети менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөнбүз. Жыйынтыгында, улуттук мыйзамдарына унификация киргизүү тууралуу милдеттенмелерди алышкан. Аны 1-июнга чейин кабыл алып, ишке ашырышы керек болчу. Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин жыйынтык жок. Жакында эле эки тараптуу жолугушуу өткөрдүк. Сүйлөшүүлөрдү улантып жатабыз, мындан кийин да токтотпойбуз», — деди ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>