Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Бишкек – Токмок багытына убактылуу шаардык автобустар чыкты
22.09.2025 | 14:24

Бишкек – Токмок – Бишкек каттамында шаардык муниципалдык автобустар убактылуу жүрө баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Убактылуу каттамдын киргизилиши Токмоктон Бишкекке каттаган жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө, ошондой эле айрым жеке менчик коомдук транспорттун убактылуу каттабай калышына байланыштуу уюштурулду.
Мэрия жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коомдук транспортко болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн убактылуу автобустарды чыгарганын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом