Кара-Кулжа: Өспүрүм 4 айлык боюнда кезинде каза тапты

Кара-Кулжа: Өспүрүм 4 айлык боюнда кезинде каза тапты

Кара-Кулжа райондук соту буга күнөөсү бар деп Анварды (ред. Атын өзгөрттү) 7 жыл 6 ай эркинен ажыратты. Бул боюнча аталган соттун токтомунда айтылат.

Маалым болгондой, ал жашы толо элек Ализа менен жыныстык катнашка барган деген кине коюлууда.  Анвар сотто бардык күнөөлөрүн мойнуна алган.

Кыздын апасынын  айтуусунда, пандемия маалында кызы чоң-ата, чоң апасынын колунда калган. Өзү болсо Орусияга акча табуу үчүн иштеп кеткен.  Пандемиядан улам Кыргызстанга келе албай калган. Бирок, кызы менен күнүгө телефондон сүйлөшүп турган. Балага үйлөн десе, ага макул болбой боюнан алдырт деп туруп алган.

Жыйынтыгында Ализа 4 айлык боюнда бар кезинде бул дүйнө менен кош айтышкан. Ализанын Анвардан боюна болгону боюнча күбөлөр толугу менен далилдеп беришкен.

Токтомдо кыздын боюнан алдырганы,алдырбаганы  айтылбайт. Эмне себептен каза болгону азырынча белгисиз бойдон. Канча жашта болгону дагы маалымдалган эмес.

Кара-Кулжа райондук соту 7 жыл 6 ай эркинен ажыратуу боюнча чечимин чыгарган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>