РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Кыргызстандык окуучу Балкан олимпиадасында коло медаль утуп алды
21.09.2026 | 12:33

Албаниянын Тирана шаарында өткөн информатика боюнча XXXIII Балкан олимпиадасына (BOI 2026) кыргызстандык окуучулар бир коло медаль жана бир Ардак грамотага ээ болушту. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Эл аралык олимпиада 14–20-сентябрь күндөрү өтүп, ага дүйнөнүн ар бурчунан келген 75 окуучу катышып, программалоо боюнча билимдерин сынашты.
Жыйынтыгына Кыргызстандан барган «Газпром Кыргызстан» мектебинин окуучусу Эмирхан Сыдыкаев кол медаль жеңип алды. Анын машыктыруучусу — Евгений Кичак. Ал эми «Акылман» президенттик лицейинин окуучусу Аруубек Баймырзаевге Ардак грамота ыйгарылды. Анын машыктыруучусу — Медербек Осмонов.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим
Теги: информатика, олимпиада