Ош облусунун Кара-Суу районунда 40 млн долларлык текстиль фабрикасы курулууда.
Маалыматка ылайык, текстиль фабрикасын 2023-жылдын сентябрь айында ишке кирет. Биринчи этапта 600гө жакын адам иш менен камсыз болот. Текстиль фабрикасы толук ишке киргенде 2 миң адам иш менен камсыздалат.
«Текстиль фабрикасынын курулушун ата мекендик ишкер жүзөгө ашырып жатат. Жаңы текстиль фабрикасы эл аралык стандартка жооп берет, текстиль фабрикасында токуу, тигүү цехтери болот», — деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз