Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Кырчын жайлоосунда боз үйлөр тигилген жерлерге газон себилет
10.09.2026 | 09:43

Маданият министрлиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын аймагын жашылдандыруу иштери жүргүзүлөрүн билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда боз үйлөр жана убактылуу объектилер демонтаждалгандан кийинки аймактын видеоматериалдары тараган.
Министрликтин маалыматына ылайык, убактылуу инфратүзүмдү чыгаруу иштери аяктагандан кийин боз үйлөр жайгашкан аянтчаларга жергиликтүү климаттык шарттарга ылайыкталган көп жылдык газон чөбү себилет.
Аталган иш-чаралар буга чейин пландалган жана ал Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, жергиликтүү бийлик органдары жана «Шамал» фестивалынын катышуучулары менен биргеликте жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кырчын, Маданият министрлиги