Чет элдик ырчылар катышкан концерт уюштурам деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү кармалды

09.09.2026 | 12:54
Чет элдик ырчылар катышкан концерт уюштурам деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү кармалды — Новости Кыргызстана

Бишкек шаарында 25 жаштагы жигит концерт уюштурам деп, жарандардын акчасын алдап алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 10-августта милицияга жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде И.А. аттуу киши чет өлкөлүк ырчылардын катышуусунда концерт өткөрүүгө инвестиция салууну сунуштап, андан 20 миң долларын накталай алган. Шектүү акчаны пайдасы менен кошо 24 миң доллар кылып кайтарып берүүнү убада кылып, бирок аны аткарган эмес.

Милицияга аталган адамдын аракеттеринен жабыр тарткан башка жарандардан да арыздар түшкөн. Учурда келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү эсептелип жатканы айтылды.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Scroll to Top