Россия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөтПолитехникалык коллеж КМТУнун карамагына өткөрүлдү
Каракол: Күйөөсүнөн аёосуз токмок жеген Айзатка мэрия жардам берүүдөн баш тартты
01.07.2022 | 14:52
Каракол шаарынын мэриясы күйөөсү тарабынан токмок жеген Айзат Үсөнбаевага материалдык жардам көрсөтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу укук коргоочу Камил Рузиев билдиргенин Kaktus.media жазды.
Анын айтымында, мэрия баш тартууну жабырлануучунун Жети-Өгүз районунда каттоодо турганы менен түшүндүргөн.
Азыр эки баласы бар майып аял кризистик борборлордун биринде.
“Убактылуу балдар менен бирге болууга шарт түзгөн кризистик борборго рахмат. Бирок ал турак жайга жана акчалай жардамга муктаж. Балдар мектепке барышы керек, жашаганга жери жок. Жардамга муктаж. Ооруканага жаткырылды, бирок бетинин оң жагы дагы эле айыккан жок, анткени күйөөсү аны бетке тепкилеген», – деди Рузиев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом