Караколдо 67 жаштагы аял бычакталып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Караколдо 67 жаштагы аял бычакталып өлтүрүлдү. Шектүү кармалды

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 67 жаштагы аял бычакталып өлтүрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-август күнү милицияга тез жардам кызматынан бычакталган аялдын сөөгү өзү жашаган үйдө табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине ыкчам-тергөө тобу барып, ашкана бычагы сайылган бойдон жаткан аялдын сөөгү табылган. Маркум Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну болгон.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы О.А. аттуу тургуну кармалган. Алдын ала суракта, шектүү жасаган кылмышын мойнуна алган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Каракол шаардык милициясынын тергөө кызматы жасалган кылмыштын себептерин жана жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө», — деп билдиришти облустук милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>