Караколдогу массалык мушташ: 2 окуучу камакка алынды

Караколдогу массалык мушташ: 2 окуучу камакка алынды

Караколдогу окуучулардын массалык мушташына байланыштуу 2 өспүрүм камакка алынды.  Бул тууралуу «Репортерго» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  аталган окуя боюнча күбөлөр суралып, төмөндөгүлөр  аныкталган: 9-апрелде жабырлануучу достору (5 бала) менен Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында ойношкон. Бул учурда аларга Макеш аттуу бала тааныштары менен келип, жабырлануучуну чакырган. Жабырлануучу аларга жакындаганда келген жигиттердин бири аны башка таш менен уруп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучуну достору облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жеткиришкен.
Бул факт Каракол шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

10-апрелде өспүрүмдөр арасындагы мушташка тиешеси барлар аныкталып, 8 өспүрүм, өздөрүнүн мыйзамдуу өкүлдөрү менен чакырылып, окуянын жагдайларын аныктоо боюнча сурак жүргүзүлгөн.

Анда уруштун уюштуруучулары аныкталып, Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын тургундары 16-жаштагы М.А. жана 15-жаштагы А.А. экенибелгилүүболгон.
Аталган жаш өспүрүмдөргө карата, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз Республикасынын Жазык поцессуалдык кодексинин 233-235 (Шектенүү жөнүндө кабарлама, Шектенүү жөнүндө кабарлоонун мазмуну, Шектенүү жөнүндө кабарламаны тапшыруу тартиби) беренелеринин негизинде кылмышка шектүү жөнүндө кабардамалар берилип, ошол эле кодексинин 98 (Кармоонун негиздери) беренесинин негизинде Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 24 саатка киргизилген.

Окуяны Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги өз көзөмөлүнө алган.

Белгилей кетсек,  9-апрелде Каракол шаарында өспүрүмдөрдүн массалык мушташы орун алып,  бир бала оор жаракат менен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.

Кийин ал баланын ата-энеси милиция ишти жакшы карабай жатат деп кайрылуу жасашкан.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>