Кыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда

Кыргызстанда инвесторлордун мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартибин өзгөртүү жана алардын укуктарын коргоо кепилдиктерин күчөтүү сунушталууда. «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө» мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жоюу, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана инвестициялык долбоорлорду кароону тездетүү максатында иштелип чыккан.
Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, колдонуудагы мыйзамдарда инвестициялык ишмердүүлүктү татаалдаштырган бир катар кемчиликтер (мүчүлүштүктөр) бар.
Атап айтканда, мыйзамда чет өлкөлүк инвесторлорду аккредитациялоого байланыштуу карама-каршылык аныкталган. Анын бир ченеми аккредитациядан өтүүнү инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн милдеттүү жол-жобо катары аныктаса, экинчиси ыктыярдуу түрдө өтүүнү карайт.
Мындан тышкары, инвесторлор мамлекеттик органдарда мурдатан бар болгон документтерди жана маалыматтарды кайра тапшырууга аргасыз болушат. Бул иш кагаздарынын көлөмүн көбөйтүп, кошумча административдик жүк жаратат.
Дагы бир көйгөй мамлекеттик органдардын аракеттерине же аракетсиздигине инвесторлордун даттанууларын кароого байланыштуу. Учурда мыйзамда ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча ведомстволордун өз позициясын билдирүүсү үчүн 7 күндүк мөөнөт каралганы менен, арыздын өзүн кароонун жалпы мөөнөтү так белгиленген эмес.
Ушундай эле боштук толуктап иштеп чыгуу үчүн кайтарылган инвестициялык сунуштарды жана долбоорлорду кайра кароодо да бар. Мыйзам аларды алгачкы кароонун мөөнөттөрүн — тиешелүүлүгүнө жараша 30 жана 60 календардык күн деп белгилейт, бирок кемчиликтер жоюлгандан кийин кайра текшерүү канча убакытка созулушу керектигин так аныктабайт.
Демилгечилердин пикиринде, бул кемчиликтерди жоюу административдик жол-жоболорду ачык-айкын жана алдын ала түшүнүктүү кылууга, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга шарт түзөт.
Мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй жаңычылдыктар каралган:
- Чет өлкөлүк инвесторлор аккредитациядан бир гана ыктыярдуу негизде өтө тургандыгы мыйзамда так бекитилет.
- Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик түзүмдөрдө мурдатан бар болгон документтерди жана маалыматтарды инвесторлордон талап кылууга тыюу салынат. Ведомстволор зарыл маалыматтарды ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү аркылуу өздөрү алышы керек.
- Инвесторлордун даттанууларын 30 календардык күндүн ичинде кароо сунушталууда. Өзгөчө учурларда инвесторго узартуунун себептерин милдеттүү түрдө билдирүү менен мөөнөттү дагы 15 күнгө узартууга болот.
- Эгерде инвестордун укуктары бузулгандыгы аныкталса, тиешелүү мамлекеттик орган аны белгиленген мөөнөттө жоюуга жана көрүлгөн чаралар жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү болот.
- Эскертүүлөр жоюлгандан кийин инвестициялык сунуштар 15 календардык күндөн, ал эми инвестициялык долбоорлор 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кайра каралышы керек.
- Инвестициялык келишимдерди түзүүдөн мыйзамдарда каралган негиздер боюнча гана баш тартууга болот. Мында мамлекеттик органдар мыйзамдын тиешелүү беренелерине таянуу менен баш тартуунун так себептерин көрсөтүүгө тийиш.
Ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жети жумушчу күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга инвестордун арызы боюнча өз позициясын гана эмес, керектүү документтер менен маалыматтарды да бериши керектиги такталууда.
Иштеп чыгуучулардын пикиринде, сунушталган өзгөртүүлөр инвестицияларды коргоонун негизги кепилдиктерине доо кетирбейт жана ишкерлер үчүн кошумча милдеттерди жүктөбөйт.
Анара Мамытова