Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Караколдогу мектепте 4,1 млн сомго даараткана салынат
01.04.2024 | 15:04
Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы №2 мектеп-гимназиясына тышкы даараткана салуу үчүн тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Тендер Каракол шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жарыяланган.
Сыртта жайгаша турган даараткананы салууга 4 млн 136,7 миң сом каралган.
Сынак боюнча арыздар 12-апрелге чейин кабыл алынат.
Тендерди уткан компания даараткананын курулушун 20-августка чейин бүткөрүшү керек.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом