Карамушкина үч талапкерди каттоону жокко чыгарууну талап кылууда

Карамушкина үч талапкерди каттоону жокко чыгарууну талап кылууда

Ирина Карамушкина БШКга арыз жолдоду. Ал Свердлов районунан дагы үч депутаттыкка талапкерди каттоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Карамушкина Шайлообек Атазов, Аскар Алмаз уулу жана Элнура Алканова 27-февралдагы шайлоо күнү шайлоочуларды сатып алууга катыштыгы бар экенин көрсөткөн.

Белгилей кетсек, буга чейин ал Свердлов районунан көпчүлүк добушка ээ болгон Абдурахманхаджи Муртазалиевди шайлоодон четтетүүнү талап кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Ирина Карамушкина берген материалдар текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлгөнүн белгиледи.

Эске салсак, 27-февралда Бишкекте бир мандаттуу эки округда шайлоо өттү.

Биринчи Май бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Элвира Сурабалдиева көпчүлүк добушка ээ болду — 47,97 пайыз. Свердлов районундагы шайлоодо Абдурахманхаджи Муртазалиев жеңип чыкты. Ага шайлоочулардын 19,52 пайызы добуш берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>