1-ноябрь: Кыргызстанда күн жылуу болот, абанын температурасы +21° чейин көтөрүлөтБишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келет
Тогонун Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстанга келди
31.08.2026 | 11:45

Бүгүн, 31-августта, Того Республикасынын Министрлер Кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу КРдин Министрлер кабинети билдирди.
Фор Эссозимна Гнассингбе Бишкекке «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келди.
Конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тосуп алды. Ага Кыргызстандын жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символу болгон илбирстин оюнчугу белекке берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат