Өзбекстанга унаа айдай качкан киши кармалды

Өзбекстанга унаа айдай качкан киши кармалды

6-март күнү  Ала-Бука чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан автоунаа токтотулду. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдирди.

Маалымаька караганда,  Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Таза-Суу тилкесинде мамлекеттик чек арага жакын жерде Өзбекстандын аймагын көздөй бара жаткан «Дэу-Нексия» үлгүсүндөгү унааны кармашкан.  Аны кыргыз жараны,  36 жаштагы М.А. башкарып бара жаткандыгы аныкталган.

Айдоочунун унаасына тийиштүү  эч кандай документтери болгон эмес. Окуянын чоо-жайын тактоодо айдоочу унаасын Өзбекстанстандын аймагына мыйзамсыз айдап кетүүгө аракет кылганы белгилүү болду.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган айдоочу жана унаа кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>