«Браво, Кыргызстан!»: Көчмөндөр оюндарынын ачылышы тууралуу социалдык тармактарда эмнелерди жазып жатышат

Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат — бул этноспортко жана көчмөн элдердин маданиятына арналган эң ири эл аралык окуялардын бири. Reporter.kg грандиоздук шоудон кийин анын катышуучулары, коноктору жана ар кайсы өлкөлөрдүн социалдык тармак колдонуучулары бөлүшкөн суктануу менен жазылган пикирлердин кичинекей гана бөлүгүн топтоду.

Оюндардын салтанаттуу ачылыш аземи 31-августта жаңы «Бишкек Арена» стадионунда өттү, ал эми негизги спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар Ысык-Көлдө жайылтылды. Оюндар 6-сентябрга чейин уланат.

Reporter.kg’нин маалыматы боюнча, «Бишкек Аренанын» трибуналарына 30 миңге жакын көрүүчү чогулду.

Ошол эле учурда салтанатка түз эфирде көз салууга мүмкүн болду: борбор калаанын төрт районунда LED-экрандары бар фан-зоналар иштеп, ал жерден Бишкектин тургундары жана коноктору трансляцияны көрүштү.

Салтанат улуттук каада-салттарды, музыканы, этноспортту жана заманбап сахналык технологияларды бириктирди. Көрүүчүлөрдүн алдынан улуттук курама командалардын парады өтүп, ал эми оюн өзү музыкалык жана театралдаштырылган номерлер менен коштолду.

Ачылыш аземи көптөгөн чет элдик ЖМКлардын көңүлүн бурду. Алсак, Reuters эл аралык өкүлчүлүктүн масштабын белгилеп, командалардын парадын олимпиадалык салтанаттарга салыштырды.

Бул жолку Оюндардын өзгөчөлүктөрүнүн бири анын географиясы болду: салтанатка жана мелдештерге 100дөн ашык өлкөнүн өкүлдөрү келишти. Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары так ушул Кыргызстанда негизделген — алгачкы Оюндар 2014-жылы өткөн.

Ачылыштан кийин «Бишкек Аренадан» тартылган кадрлар социалдык тармактарга тарап, анда колдонуучулар коюунун масштабын, улуттук образдарды, ат шоусун жана салтанаттын визуалдык жасалгасын талкуулап жатышат.

Суктануу менен жазылган пикирлер Оюндар ачылгандан бир нече күн өткөндөн кийин да пайда болууда.

Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий маалыматтык өнөктөшү.
Анара Мамытова