Кыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалымат

Кыргызстанда чет элдик мамлекеттик номурлуу автоунаалардын киришине жана өлкө аймагында жүрүшүнө карата эрежелерге өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы талаптар жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Болот Ибрагимов айтып берди.
Анын айтымында, өзгөртүүлөр тиешелүү токтом расмий жарыялангандан кийин 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.
Өлкөгө кирүү үчүн кандай документтер талап кылынат?
Чек арадан өтүүдө айдоочунун жанында паспорту, айдоочулук күбөлүгү жана транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүгү (техпаспорт) болушу керек.
Эгер унаа башка адамга таандык болсо, ээсинен расмий ишеним кат (доверенность) талап кылынат. Андай документ жок болсо, Кыргызстандын аймагына кирүүгө уруксат берилбейт.
Унаа Кыргызстанда канча убакыт жүрө алат?
Чет өлкөлүк номурлуу унаанын өлкөдө жүрүүсүнүн эң жогорку мөөнөтү чек арадан өткөн күндөн тартып алты айды түзөт.
Ибрагимовдун айтымында, Чек ара кызматы, Бажы кызматы жана «Унаа» мамлекеттик агенттиги мындай автоунаалар тууралуу маалыматты бирдиктүү электрондук маалымат базасы аркылуу алмашып турушат.
Эгерде белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин унаа өлкөдөн чыгып кетпесе, система тиешелүү чараларды көрүү үчүн ИИМге жана Чек ара кызматына автоматтык түрдө билдирүү жөнөтөт.
Алты айлык мөөнөттү кантип узартса болот?
Жаңы алты айлык мөөнөткө укук алуу үчүн автоунаа Кыргызстандан тышкары кеминде 30 күн үзгүлтүксүз жүрүшү зарыл.
Эгер айдоочу өлкөдөн андан аз убакытка чыгып кайра келсе, алты айды эсептөө башынан башталбайт.
Мисалы, унаа Кыргызстанда беш ай жүрүп, андан кийин чет өлкөгө бир жумага чыгып кайра келсе, анын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтү мурдагыдан калган бир гана айды түзөт.
Оң рулдуу автоунаалар менен кирүүгө болобу?
Ооба, башка мамлекеттерде катталган оң рулдуу унаалардын кирүүсүнө уруксат берилет. Бирок мындай транспорт каражаттарын дагы алты айдын ичинде Кыргызстандан кайра алып чыгып кетүү керек.
«Бул өзгөртүүлөрдү биз чет мамлекеттерде эмгектенип жүргөн мекендештерибиз Кыргызстанга тоскоолдуксуз келип-кетип, жакындары менен эркин катышып туруусу үчүн демилгелеп, кабыл алууга жетиштик», — деп белгиледи Ибрагимов.
Ошол эле учурда вице-спикер жарандарды жаңы эрежелерди мыйзамды кыйгап өтүү үчүн колдонбоого жана унаалардын өлкөдө жүрүүсүнүн белгиленген мөөнөттөрүн так сактоого чакырды.