Эркечтам жолунда кишини сүзүп кеткен чет элдик айдоочу кармалды

Эркечтам жолунда кишини сүзүп кеткен чет элдик айдоочу кармалды

Апрель айында Эркечтам-Ош жолунда 38 жаштагы жаранды сүзүп, качып кеткен оор жук ташуучунун айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  кырсык «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү  пунктуна жакын жерде болгон. Жабырлануучу алган жаракатынан кырсык болгон жерде каза табат.

Айдоочу кырсык болгон жерден качып, изин жашырат.

Алай  райондук  ички иштер бөлүмүнүн тергөө иштерин жүргүзүп, шектүү алты айдан кийин, 16-октябрда кармалды. Ал 47 жаштагы чет элдик жараны.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>