Каржы пирамидасынын филиалын түзгөн аял Грузиядан кармалды

Каржы пирамидасынын филиалын түзгөн аял Грузиядан кармалды

“Финико”  каржы пирамидасынын филиалын уюштургандардын бири Грузиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлиги каржы кылмышын жасаган жарандарды, каржы алдамчылыгы үчүн издөөдө жүргөндөрдү жана соттон качып, чет өлкөдө изин жашырып жүргөндөрдү жоопкерчиликке тартуу боюнча иштерин жүргүзүп жатат.

Кыргызстандагы Интерпол улуттук борбордук бюросунун өтүнүчү боюнча Грузиянын Интерпол (Тбилиси) улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КРнын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жаран 1973-жылы туулган  Э.М. (аял киши) кармалды.

Кармалган жаран каржы пирамидасын уюштурууга айыпталууда. Жаран Э.М. учурдагы ири каржы пирамидаларынын бири — “Финико” компаниясына тиешеси бар. Ал Бишкек шаарында эле кирешелүү инвестицияны туураган алдамчылык долбоордун 15тен ашык филиалын ачкан (ошол кезде аталган мекеменин филиалынын жетекчиси катары жогоруда аталган жаран Э.М. болгон).

Алынган маалыматтар боюнча, 2019-2021-жылдар аралыгында алдамчылык аракеттердин натыйжасында Кыргызстандын 100дөн ашык жараны 1 млн 283 миң АКШ долларынан ашык акчасынан кол жууган. Андан сырткары,  жаран Э.М. эки жарандан алдамчылык жана чоң кирешени убада кылуу жолу менен 145 миң доллар жана 9 миң 300 доллардан ашык акчасын ээлеп алган деп шектелүүдө.

Азыркы учурда компетенттүү органдар тарабынан экстрадициялоо маселелери чечилип жатат. Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, “Финико” компаниясы  2019-жылы Россиядагы шаарлардын биринде түзүлгөн. Башында өзүн мыйзамдуу инвестициялык фирма катары көрсөтүп, ай сайын 30 % жогорку кирешени убадалаган.

Россияда ондогон миллион доллар чыгым келтирилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>