Базар-Коргондо таштанды полигонунун экологиялык паспортунун мөөнөтүн узартпаганы үчүн айыл өкмөтүнө айып салынды

21.10.2026 | 16:35
Айыл окмоту в Базар-Коргоне оштрафовали за просроченный паспорт полигона — Новости Кыргызстана

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда экологиялык талаптардын бузулушу аныкталды. Кеңеш айыл өкмөтүнө жана кум-шагыл аралашмасын мыйзамсыз казып алган жергиликтүү тургунга 13 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы билдирди.

Башкармалыктын маалыматына караганда, Кеңеш айыл өкмөтү катуу тиричилик калдыктары көмүлүүчү полигондун экологиялык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узарткан эмес. Буга чейин мекеме айыл өкмөтүнө беш пункттан турган көрсөтмө берген, бирок ал аткарылган эмес. Ошондуктан айыл өкмөтүнө айып салынган.

Экинчи мыйзам бузуу Сайдыкум айыл аймагынын аймагындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен аныкталган. Келип түшкөн маалыматтын негизинде жүргүзүлгөн рейд учурунда белгиленген эрежелерди бузуп, кум-шагыл аралашмасын казып алган жергиликтүү тургун табылган. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык 13 миң сом айып салынган.

Ошондой эле ага кум-шагыл аралашмасын жана чопону казып алуунун тартибин сактоо, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Scroll to Top