Каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнө турган кенемте азайтылат

Каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнө турган кенемте азайтылат

Бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде иш учурунда каза болгон прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө төлөнө турган кенемтенин өлчөмүн өзгөртүү маселеси каралды.

Тиешелүү мыйзам долбоору боюнча каржы министри Алмаз Бакетаев баяндама жасады. Анын айтымында, азыркы мыйзамга ылайык, каза болгон прокуратура кызматкеринин үй-бүлөсүнө акыркы иштеген жериндеги 20 жылдык маянасынын өлчөмүндө кенемте төлөнөт.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, кенемтенин өлчөмүн 20 жыл эмес, 20 ай деп өзгөртүү пландалууда. Өзгөртүүлөр кабыл алынса, маркум прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнө турган кенемте 1,5 млн сомду түзөт.

Жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу иш учурунда каза тапкан кайсы кызматкерлерге кенемте төлөө каралганын сурады.

«Ички аскерлердин взводдун командирине болжол менен орточо 2,5 млн сом, сотторго – 1-1,5 млн сом, Эмгек кодекси боюнча орто мектептин директору, мугалим, дарыгерлерге – 5-5,5 млн сом, айдоочуга – 1 млн сом, тазалык кызматкерине (уборщица) – 400-500 миң сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге 1 млн сом кенемте каралган», — деди ал.

Андан кийин Жусупбек Коргонбай уулу эгер депутаттын көзү өтсө, ага канча кенемте берилерин сурады.

«1 млн сом», — деп жооп берди министр.

Жусупбек Коргонбой уулу эң аз кенемте депутаттарга берилерин айтты.

Министр: «Жок, мамлекеттик кызматкерлердики да сиздердики менен тең. Депутат, министр, башкы адис, баарыныкы 1 млн сом», — деп жооп берди.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Эскерте кетсек, буга чейин, былтыр жол кырсыгында каза болгон Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 млн 699 миң сом кенемте төлөнөрү белгилүү болгон. Мындай норма «Прокуратура жөнүндө» мыйзамда каралганы айтылган.

Мыйзамга ылайык, прокурор кызмат учурунда каза болгондо, анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык айлык акысы өлчөмүндө бир жолу кенемте төлөнөт. Бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ага байланыштуу президент аталган норманы кайра карап чыгуу керектигин билдирген.

Талкуу жараткан 21 млн сомдук кенемте. Президент тапшырма берди

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>