Депутаттын көзү өтсө, үй-бүлөсүнө канча компенсация төлөнөрү айтылды

Депутаттын көзү өтсө, үй-бүлөсүнө канча компенсация төлөнөрү айтылды

Депутат иш учурунда каза болсо, анын үй-бүлөсүнө 1 млн сом кенемте төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинде жыйынында каржы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

Жыйында иш учурунда каза болгон прокуратура кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө төлөнө турган кенемтенин өлчөмүн өзгөртүү маселеси каралып жаткан.

Талкуу учурунда депутат Жусупбек Коргонбай уулу иш учурунда каза тапкан кайсы кызматкерлерге кенемте төлөө каралганын сурады.

«Ички аскерлердин взводдун командирине болжол менен орточо 2,5 млн сом, сотторго – 1-1,5 млн сом, Эмгек кодекси боюнча орто мектептин директору, мугалим, дарыгерлерге – 5-5,5 млн сом, айдоочуга – 1 млн сом, тазалык кызматкерине (уборщица) – 400-500 миң сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге 1 млн сом кенемте каралган», — деди ал.

Андан кийин Жусупбек Коргонбай уулу эгер депутаттын көзү өтсө, ага канча кенемте берилерин сурады.

«1 млн сом», — деп жооп берди министр.

Жусупбек Коргонбой уулу эң аз кенемте депутаттарга берилерин айтты.

Министр: «Жок, мамлекеттик кызматкерлердики да сиздердики менен тең. Депутат, министр, башкы адис, баарыныкы 1 млн сом», — деп жооп берди.

Каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнө турган кенемте азайтылат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>