Каза болгон карылардын мүлкүн каттаган. Жеке нотариус кармалды

Каза болгон карылардын мүлкүн каттаган. Жеке нотариус кармалды

Кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу келишимин жасалмалоо фактысы боюнча жеке нотариус кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында кыймылсыз мүлккө документтердин негизги пакетин жасалмалоо жолу менен жеке менчикти (туугандары жана мураскерлик боюнча иши ачылбаган каза болгон кары-картаңдардын) мыйзамсыз каттоо жана кайра сатуу фактысы боюнча системалуу коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, Бишкек мэриясынын кызматкерлери тарабынан жалгыз бой карылардын (каза болгон) кыймылсыз мүлктөрү аныкталып, алардын кыймылсыз мүлкү боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемеси аркылуу сурамжылоо жүргүзүлүп, алардын жакындары жок экендиги, ошондой эле мураскерлик боюнча иши жоктугу такталгандан кийин,  нотариустар жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, материалдык пайда алуу максатында, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, кыймылсыз мүлккө жасалма документтерди жасап, мэриясынын кызыкдар кызматкерлеринин биринин жакындарына кайра катталып жүргөнү аныкталды.

Кыймылсыз мүлктү кайра каттоо жана андан кийин сатуу боюнча зарыл болгон мыйзамсыз иштер жүргүзүлгөндөн кийин, алынган акчанын суммасы бул кылмыштуу схемага катышкан адамдардын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Топтолгон материалдардын негизинде 2023-жылдын 5-июнунда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмыш ишинин алкагында жеке нотариус А.Ж.С. кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда Бишкек шаарынын мэриясынын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери жана жеке нотариустар тарабынан жасалган ушул сыяктуу башка фактыларды аныктоо жана документтештирүү боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>